Панфилов районунда жердин асылдуулугун жогорулатуу.
Бүгүн Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Маил Алияскаров Кыргыз Республикасындагы "Carboneg" долбоорунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул долбоор "Глобал Эковей" коомдук фонду жана «Benefit Managemant s.r.o.» компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен биргелешип ишке ашырылууда. Аталган долбоор талааларда жана жайыттарда калыбына келтирүүчү дыйканчылык принциптерин колдонуу жолу менен жердин асылдуулугун жогорулатуу жана сактоо максатында фермерлерди колдоого багытталган. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Панфилов районунда жергиликтүү фермерлердин жана малчылардын катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүү мерчемделди.
________________________________
Повышение почвенного плодородия в Панфиловском районе.
Сегодня глава Панфиловской районной государственной администрации Маил Алияскаров встретился с представителями проекта «Carboneg» в Кыргызской Республике. Данный проект реализуется общественным фондом «Глобал Эковей» и компанией «Benefit Managemant s.r.o.» совместно c Министерством сельского хозяйства Кыргызской Республики. Названный проект направлен на поддержку фермеров с целью повышения и сохранения почвенного плодородия, путём применения принципов восстановительного земледелия на полях и пастбищах. Для реализации данного проекта в Панфиловском районе было запланировано проведение совместных мероприятий с участием местных фермеров и животноводов.
Ссылка на источник: https://www.facebook.com/100061842258907/posts/pfbid032D8HArW9hhE3G73fmV1ACmWKE4p8gYsryYSdsXpmoRgVqXW2EDST4Q1JnJpWEnXHl/?sfnsn=mo